• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Алайда жер титиреди

22 Баш оона 2018 11:53 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 22.08.2018. Govori.TV

Алай районунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

КРнын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун алдын ала билдирген маалыматы боюнча, бүгүн 22-августта саат 09:49дар чамасында республикабыздын аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Алай районунун Нура айылында 3,5 баллга, Кара-Киндик айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 22