• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Аламүдүн базары дезинфекциялоо үчүн жабылды

15 Кулжа 202012:33 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-июнь күнү дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү үчүн Аламүдүн базары убактылуу жабылды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан кабарлашты.

Тиешелүү токтомго Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова кол койгон.

“Базардын аймагындагы (Курманжан Датка, Буденный, Муса Жалил жана Жибек Жолу проспектиси менен чектелген бөлүк) бардык соода түйүндөрү жана башка ишкерлик субъекттер убактылуу жабылды”, — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 111