• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

Аламүдүн капчыгайында изделип жаткан туристтер табылды

9 Бугу 2024 19:00 Бишкек Govori.TV

30-апрелде Ысык-Ата капчыгайынан маршрут боюнча Аламүдүн капчыгайына (Теплые ключи) жөө жүрүшкө чыгып, дайынсыз болуп жаткан орусиялык үч турист 9-майда аман-эсен табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) маалымдады.

8-майдан бери ӨКМдин куткаруучулары издеп жаткан туристтер өздөрүнүн Орусиядагы тааныштарына байланышка чыгышкан.

«Үн байланышын утурлай, ӨКМдин кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун кызматкерлери туристтер турган даректи Google аркылуу болжолдуу тасмага түшүрүп, 9-майда издөө иштерин ошол дарекке багытташкан. Аталган борбордун кызматкерлери куткаруучуларга туристтердин турган дарегин аныктап, алардын ортосундагы аралыкты Google карта аркылуу аныктап, маалымдап турушкан. Жыйынтыгында куткаруучулар туристтерге жолугуп, төмөн көздөй бет алышты», — деп жазылган маалыматта.

Маалыматка ылайык, туристтердин абалы жакшы, баары аман-эсен.

Количество просмотров: 199