Бишкек шаарынын 12-кичи районунун аймагында Аламүдүн суусунан эркек адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Кечээ, 20-апрелде Аламүдүн суусунда 40-45 жаштагы эркек адамдын жансыз денеси жатканы тууралуу билдирүү түшкөн. Жерине 5 куткаруучу тартылып, маркумдун денесин суудан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.