• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ысык-Көлдүн жээгинен кыздын жансыз денеси табылды

7 Аяк оона 202213:15 Бишкек Govori.TV

Тоң районунун Ак-Сай айылында Ысык-Көлдүн жээгинен кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык, болжол менен 25-30 жаштардагы кыздын сөөгүн жергиликтүү жашоочулар табышкан.

«Маркумдун ким экендиги белгисиз. Милиция анын туугандарын издеп жатат, Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча милицияга көрсөтмө жөнөтүлдү. Учурда кыздын сөөгү райондук оорукананын өлүкканасында. Кыздын денесинде зомбулуктун белгилери жок»,-деп айтылат маалыматта.

Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 11759