ӨКМдин тараткан маалыматка ылайык, 27-сентябрында Аламдүн районунун Кой-Таш айылында Аламүдүн суусуна болжол менен 35 жаштагы аял түшүп кеткендигин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 112 кызматына билдиришкен.
Мындан улам 3 күндөн бери издеп-куткаруу иштери тынымсыз жүргүзүлүп жатат.
Бүгүн, 30-октябрда таң эрте издөө иштерин улантуу үчүн жалпы 28 адам чыкты. Анын 5и Аламүдүн районунун куткаруучулары. Ал эми кечээ жалпы 30 адам тартылып, дрон менен изделген. Издөө иштеринин жүрүшүнөн кошумча маалымат берилет.