• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Аламүдүндө тургундар айланма жолду тосуп чыгышты

17 Жетинин айы 2021 19:33 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-ноябрда саат 18:00 чамасында Аламүдүн РИИБге айланма жолдо жол торогон жарандар чогулганы тууралуу маалымат түшкөн. Аламүдүн районундагы Теңдик жана Алтын-Казык конуштарынын тургундары бир нече күндөн бери электр жарыгы өчүрүлгөнүнө нааразы болуп чогулушкан.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы райондук милиция бөлүмүнүн кызматкерлери жөнөтүлгөнүн билдирди. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте маселени чечүү жана жолду ачуу иштери жүрүп жатат. Ошондой эле облустук жана райондук милиция бөлүмүнүн жетекчилиги жөнөп кетти.

Кийинчерээк сүйлөшүүлөрдөн кийин жол каттам үчүн ачылды.

Количество просмотров: 1069