• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Ош шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу быйыл башталары айтылды

22 Үчтүн айы 202516:10 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Төрага Нурланбек Тургунбек уулу транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары айткан маалыматты төгүндөп, Ош шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу жакында башталарын белгиледи.

“Жалпы узундугу 34 чакырымды түзгөн жолдун курулушу мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында ишке ашырылганы турат. Бардык керектүү техникалар тартылып, тиешелүү ченемдер жасалууда. Февраль айынын башында курулушка байланышкан жер иштери кадимкидей жүргүзүлө баштайт”, – деген төрага жыйынга катышып жаткан Ош шаарынын мэринин орун басарын да аталган маселе боюнча так маалымат берүүгө чакырды.

Кошумчалай кетсек, жыйын учурунда транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бекжан Рысмендеев депутаттардын суроолоруна жооп берип, Ош шаарын айланып өтүүчү жолду салуу концепция катары мерчемделгени менен курулуш иштери быйыл иш планга киргизилбегенин белгилеген.

Количество просмотров: 219