• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте айланма жолду кеңейтүү иштери башталды

19 Бирдин айы 202517:17 Бишкек Govori.TV

Быйыл Бишкек шаарынын түндүк айланма жолунун 15 чакырымына асфальт төшөө пландалууда. Азыркы тапта алгачкы 6 тилкелүү трассанын курулушун колго алган подряддык компания тарабынан жер иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жолду реконструкциялоо менен кеңейтүү иштеринин алкагында жол жээгинде жайгашкан курулуштарды бузуп, тазалоо иштери жүрүүдө.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын түндүк айланма жолунун жалпы узундугу 33,4 чакырымды түзөт. Долбоордо эки деңгээлдүү 6 жол түйүнү (двухуровневая развязка) каралган.

Ал эми 2025-жылы анын 15 чакырымын асфальттоо пландалып жатат. Тактап айтканда, быйыл Алма-Ата-Бишкек-Ташкент жолунун 6 чакырымы жана Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 9,1 чакырымы реконструкцияланат.

Количество просмотров: 228