• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Албек Ибраимовго дагы бир кылмыш иш козголду

18 Үчтүн айы 201912:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.01.2019.Govori.TV.

Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовго «Дастан” ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган, Ысык-Көлдөгү “Күнөстүү жээк” пансионатын сатууда мамлекетке зыян келтирген жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Экс-мэр «ТНК «Дастан» ишканасына тиешелүү «Күнөстүү жээк» пансионатынын 100% акциясын атайылап арзан сатып жиберген деп шек саналып жатат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети бул иш тууралуу Ибраимовдун өзүнө 17-январда билдирген. Ага ылайык, Ибраимов Кылмыш кодексинин 43-беренесинин 2-бөлүгү жана 205-беренесинин 3-бөлүгү (кызмат абалына байланыштуу ишенип тапшырылган ири өлчөмдөгү мүлктү жок кылуу) боюнча шектелүүдө.

УКМКнын маалыматы боюнча, Албек Ибраимов Президенттик аппарат башчысынын орун басары болуп иштеп турган кезде «ТНК «Дастан» мамлекеттик ишканасынын башкармалык төрагасы Ю.В. буйрук берип, «Күнөстүү жээк» пансионатынын 100% акциясын төмөндөтүлгөн баа менен саттырган. Натыйжада мындан мамлекетке 82 750 556 сом зыян келтирилген. 

Маалыматта кошумчалангандай, тергөө учурунда «Күнөстүү жээк» пансионатынын азыркы ээси М.Б. мамлекетке келтирилген зыянды толугу менен төлөп берген.



Количество просмотров: 12