• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Алдамчылыкка шектелип 19 жаштагы кыз кармалды

12 Кулжа 2020 14:03 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында бир адамдын 1,6 млн сомдон ашык акчасын алдап кеткен он тогуз жаштагы кыз алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, 12-июнь күнү шаар тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Жабырлануучунун айтымында, өздөрүн «Форекс» биржа компаниясынын кызматкерибиз деп тааныштырышкан жаш кыз менен анын жигити кирешенин 40-50 пайызын берүүнү убадалап, терминал аркылуу анын 1 млн 615 миң 900 сомун алып, качып кетишкен.

Аталган факты Жазык кодексиндеги 204-берене (“Алдамчылык”) менен кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Бул кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган кыз кармалган. Ал эми анын шериги кылмыш ишине күбө катары суралып жатат.

Количество просмотров: 56