• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Алдамчылыкка шектелип 37 жаштагы аял кармалды

28 Үчтүн айы 2022 9:55 Бишкек Govori.TV

 Ысык-Көлдө алдамчылык жолу менен акча каражатын алып жаткан жеринен шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Ысык-Көл райондук милициясына Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылып, Майрам аттуу жаранга мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган. Арыз ээсинин айтымында, январь айынын башында белгисиз аял, өзүн президенттин администрациясынын кызматкери катары тааныштырып, “Кумтөр” ишканасына орноштурууга жардам көрсөтөрүн айткан.

Андан кийин, маселени туура жагынан чечүү максатында мамлекеттик жогорку кызмат орундарын ээлеген адамдарга жана ишкананын жетекчилигине 4 миң АКШ долларын берүү үчүн, акча каражатын сураган. Кийинчерээк, ал аялдын президенттин администрациясына эч тиешеси жок экенин жана алдоо жолу менен андан акча каражатын өндүрүүнү көздөп жатканын, арыз ээси милиция кызматкерлерине маалымдады.

Аталган маалымат кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (“Алдамчылык”) менен кылмыш иши козголгон. Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында шектүү жарандын өздүгү аныкталып, ал ушул эле райондун 37 жаштагы А.М. болуп чыкты.

27-январь күнү шектүү акча каражатын алып жаткан жеринен милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, райондук милициянын убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Тергөө амалдары уланууда.

Количество просмотров: 191