• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Алексей Навальный Германияда калып, даарылануусун улантат

25 Аяк оона 2020 10:18 Бишкек Govori.TV

Орусиялык оппозиционер Алексей Навальный реабилитациялык курс алып бүткөнгө чейин Германияда калат. Саясатчынын пресс-катчысы Кира Ярмыш Навальныйдын саламаттыгын калыбына келтирүү бир нече жумага созуларын билдирди.

Навальный Берлиндеги “Шарите” клиникасынан шаршемби күнү чыккан. Саясатчы ооруканадан кийин физиотерапия курсун аларын билдирген.

Кремлдин башкы каршылашы Навальный 20-августта Томск-Москва учагында эсин жоготкон. Учак Омск шаарына чукул конуп, Навальный жергиликтүү ооруканага жеткирилген. Кийин жакындарынын талабы менен Германиядагы «Шарите» клиникасына которулган.

Немис өкмөтү жана Европадагы бир катар көз каранды эмес лабораториялар Навальный нервди шал кылган «Новичок» заты менен ууландырылганын билдирген. Кремль буга эч кандай тиешеси жок экенин билдирип келет.

Количество просмотров: 68