• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Алга Кылычевге ок атты делген депутат үй камагына чыкты

9 Баш оона 2021 15:47 Бишкек Govori.TV

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Алга Кылычевге ок атты делген Бишкек шаардык кеңешинин «Социал-демократтар» фракциясынан депутаты үй камагына чыкты. Маалыматты шаардык соттун маалымат кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, депутаттын баш коргоо чарасы 8-августта, Ленин райондук сотунда каралып, үй камагына чыгарылган.

«Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында ал 2 ай үй камагында болот»,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 7-августта Бишкекте Алга Кылычев ок жеп, ооруканага жаткырылган. Анын жубайынын айтымында, жабыркаган жаран Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Т. Т менен телефондон урушуп кеткен. Жабырлануучунун жубайынын айтымында, жолдошу менен Бишкек шаардык кеңешинин депутаты телефон аркылуу уруша кетишкен. Көп өтпөй Т.Т. А.Кнын үйүнө келген. 10 мүнөттөн кийин ок атылган үндү угуп, сыртка чуркап чыкканда жолдошу жаракат алган абалда жерде жатканын көргөн. Бул арада Т.Т. унаасына отуруп, жогорку ылдамдыкта белгисиз тарапка кетип калган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене (“ээнбаштык”) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. 8-августта Бишкек шаардык кеңешинин 38 жаштагы депутаты Т.Т. кармалган.

Количество просмотров: 258