• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Эки дос урушпаш керек, жараштыралы» дегенди күттүм: Талиева кесиптештерине нааразы…

12 Бирдин айы 202611:18 Бишкек Govori.TV

Жогорку кеңештин отурумунда депутат Камила Талиева сөз сүйлөп жатып кесиптештерин өлкөдөгү саясий абалга аралашып, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди жараштырууга чакырды.

«Эл жакшы маанисинде эркелетип «Эки дос» деп айтып коёт. Эки достун ынтымагын бузгандар болду. (…) Баарыбыз президентке кайрылуу жасайлы: «Болбойт бул деп, чогуу келдиңер, чогуу көтөрдүңөр жүктү. Кыдыршаевич жөнөкөй киши эмес. Кечээтен бери күтүп жатам да. Ошо кишинин жанында жүрүп жыргалын көргөндөр. Бир гана Умбеталы чыкты, рахмат ага. Кечээтен бери ойлонуп жатам: «Бирөө чыгып айтар бекен, жигиттерден бирөө чыгып, эки дос урушпашы керек, жараштырыш керек» деген сөздү айтаар бекен деп аттым. Мына төрага — ошонун курмандыгы болуп отурат», — деди депутат.

Количество просмотров: 226