• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Алиев: Өлкөдө 6900 сомдон төмөн алган жаран жок

27 Жетинин айы 202412:45 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 6900 сомдон төмөн пенсия алган жаран жок. Бул тууралуу ЖКнын 27-ноябрдагы жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Бактыяр Алиев депутаттын суоосуна жооп берип жатып айтты.

«6900 сомдон төмөн алган жаран жок. Бирок психикалык станционарларда жаткандар, абакта отурган жарандарга пенсиянын базалык бөлүгү төлөнбөйт. Ал жерден чыккандан кийин базалык бөлүк толук төлөнө баштайт. Ошондой эле үчүнчү топтогу майыптыгы бар жарандарга 58 жашка чыккандан кийин пенсиянын базалык бөлүгү толук төлөнө баштайт» , деп түшүндүрдү Соцфонддун төрагасы.

Количество просмотров: 192