Алиев Сооронбай Жээнбековду Азербайжанга расмий иш сапар менен келүүгө чакырды
Алиев Сооронбай Жээнбековду Азербайжанга расмий иш сапар менен келүүгө чакырды
3 Аяк оона 201812:11 Бишкек Govori.TV
Бишкек 03.09.2018.Govori.TV.
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-сентябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгы кеңешинин мамлекеттер башчыларынын Саммитинин жыйынына келген Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев менен жолугушту.
Мамлекеттер башчылары Кыргызстан менен Азербайжан ортосундагы кызматташтыктын орчундуу маселелерин, мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жолдорун жана эки тараптуу өз ара аракетенишүүнүн келечегин талкуулашты. Талкуу учурунда, Илхам Алиев Президент Сооронбай Жээнбековду Азербайжанга расмий визит менен келүүгө чакырды.
Мындан сырткары Президент Сооронбай Жээнбеков дагы, Президент Илхам Алиевди Кыргызстанга расмий визит менен келүүгө чакырды жана ал эки өлкөнүн кызматташтыгын бекемдөө жолундагы маанилүү кадам болоорун баса белгиледи.