• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Алиев: Жаңы Салык кодекси ишке кире турган болсо талаштар азаят деп күтүп жатабыз

24 Бештин айы 2021 11:18 Бишкек Govori.TV

“Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Салык кызматынын төрагасынын орун басары Бекболот Алиев Салык кодексинин жаңы редакциясынын өзгөчөлүгү тууралуу айтып берди.

Алиев Жогорку Кеңеш үчүнчү окууда Салык кодексинин жаңы редациясын колдоп бергенин айтып, президентке кол койгону жиберилгенин белгиледи.

“1-январдан баштап күчүнө киргени турат. Жаңы Салык кодексинин бардык нормалары заманбап экономикага шайкеш келтирилип, салыктык жол-жоболору толугу менен санариптештирүүгө өтүүгө багытталган нормалар жана механизмдер менен толукталды, адилеттүүлүк принцибин ишке ашыруу максатында милдеттүү патент дегенден кайтып жатабыз. Отчеттуулукка өтүүдөбүз”, — дейт ал.

Алиев мурунку Салык кодекси 10 жылдан бери иштеп, анда жылына 500-600дөй талаш-тартыштар болуп турганын кошумчалады.

“Талаштарды жараткан нормаларды тактап, түздөп кеттик. Жаңы кодекс ишке кире турган болсо талаштар азаят деп күтүп жатабыз”, — деп айтты төраганын орун басары.

Количество просмотров: 264