КР президентинин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев Баткенде абал тынч экенин, ок атышуу катталбаганын кабарлап, элди такталбаган маалыматка ишенүүгө айтты.
Ушул тапта кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяларга байланыштуу Баткен (Кыргызстан) жана Согд (Тажикстан) облустарынын башчылары Абдикарим Алимбаев жана Ражоббой Ахмадзоданын жолугушуусу өтүп жатат.
Мунун алдында УКМКнын Чек ара кызматы Лейлек районунун Максат айылында жарандардын унааларына жана Баткен районунун Достук айылында ок атылды деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирген.
Маалыматта «саат 18:20дан 18:50гө чейин Кыргызстандын Баткен районундагы Достук айылынын тушунда, Тажикстандын аймагында эки жолу ок атылганы» айтылат.