• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Алимбаев: Кыргыз-тажик чек арасында ок атуу токтотулду

13 Чын куран 2022 0:45 Бишкек Govori.TV

Учурда кыргыз-тажик чек арасында ок атуу толугу менен токтотулду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.

Анын айтымында, абалды курчутуп жибербөө үчүн тиешелүү иштер аткарылып жатат.

“Түнү менен болсо дагы чек арачылар, жергиликтүү бийлик менен менен жолугуп, чек арадагы чырдын чыгуу себебин аныктап, жергиликтүү тургундарга тынчтыкты сактоо боюнча жумуштарды алып барабыз”, — дейт ал.

Булак: Кабар.

Эскерте кетсек, 12-апрелде кыргыз-тажик чек арасында курал колдонуу менен чыр-чатак орун алган. Саат 21:17лерде сүйлөшүү учурунда тажикстандык чек арачылар кыргызстандык аскер кызматкерлерине ок чыгарышып, ал 30 мүнөткө соузулган. Кайталанган ок атышууда УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкери жарадар болгон.

Количество просмотров: 280