• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Алимбаев тажик тарап менен болгон сүйлөшүүнүн жыйынтыгын айтты

13 Чын куран 2022 13:25 Бишкек Govori.TV

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода менен болгон сүйлөшүүнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, бүгүн саат 11ден 12:30га чейин тажик тараптын делегациясы менен жолугушуу өттү.

“Анда түнкү саат үчтөрдө кабыл алынган чечимдерди ишке ашыруу боюнча баарлаштык. Ошондой эле Согди облусунун башчысы менен жергиликтүү тургундар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сүйлөштүк. Мен азыр Жаңы-Жер айылынын тургундары менен жолугушам”, — дейт ал.

Баткендеги өкүлчүлүк учурда кырдаал тынч экенин белгилейт.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын берген акыркы маалыматына ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал туруктуу деп мүнөздөлүүдө. Түн тынч өттү, атышуулар катталган жок.

Эскерте кетсек, 12-апрелде кыргыз-тажик чек арасында курал колдонуу менен чыр-чатак орун алган. Саат 21:17лерде сүйлөшүү учурунда тажикстандык чек арачылар кыргызстандык аскер кызматкерлерине ок чыгарышып, ал 30 мүнөткө созулган. Кайталанган ок атышууда УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкери жарадар болгон.

Количество просмотров: 822