• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

«Алькони» ишканасынын өрттөн кийинки абалы (видео)

1 Чын куран 2023 14:49 Бишкек Govori.TV

ӨКМ Бишкектеги «Алькони» ишканасынын өрттөн кийинки видеосун жарыялады.Такталган маалымат боюнча өрт кырсыгынан улам адам өмүрүнө коркунуч жаралган эмес.

Бишкектин Октябрь районуна караштуу Исакеев көчөсүндө жайгашкан «Алькони» заводунан чыккан ири өрт кырсыгынын кесепетинен ишкананын алькони тез даярдалуучу азыгын чыгарган имараттын болжол менен 3500 м2 аянты күйгөн.

Тилсиз жоонун жалыны ага жакын жайгашкан 11 контейнерге өткөн. Ишканадагы өрттү өчүрүүгө саат 03:10дөн тарта ӨКМден жалпы 5 күжүрмөн эсеп, 1 суу ташуучу унаа ККББнын ыкчам тобу тартылган. Өрт саат 05:55де чектөөгө алынып, саат 14:38де өрт толук өчүрүлгөн.

Теги:
Количество просмотров: 217