• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте кампадан өрт чыгып, бир адам каза болду

22 Үчтүн айы 20269:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында кампадан өрт чыгып, бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин Бишкек шаардык башкармалыгынан билдиришти.

Өрт Чынгыз Айтматов проспектисинде жайгашкан Бишкек эркин экономикалык аймагындагы кампадан чыккан.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 5 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылып, саат 05:58де толук өчүрүлгөн.

Алдын ала маалыматка ылайык, өрттүн аянты болжол менен 900 чарчы метрди түзгөн. Тилекке каршы өрт кырсыгынан 1 чет элдик жаран каза каза болгон.

Количество просмотров: 152