• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Алматага бараткан автобуста курман болгондордун өздүгү тактала элек

4 Бештин айы 201715:03 Бишкек Govori.TV

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма-сөз катчысы Айымкан Кулукеева govori.tv агенттигине билдирди. Анын айтымында автокырсыктан көз жумган эки адам кайсы өлкөнүн жараны экени азырынча белгисиз.

Жол кырсыгы Бишкек-Алмата жолунун 62-чакырымындагы Узынагаш айылында болгон.  Алматы — Бишкек унаа жолунда жүргүнчү ташыган автобус оодарылып кетти. Көз жумган эки адамдан тышкары райондук ооруканага 10 киши жеткирилди. Алардын бири өспүрүм.

Окуя болгон жерде полиция кызматкерлери иштеп жатат. Укук коргоо органдарынын билдиришкендей, Шымкенттен Алматыга бара жаткан автобустун ичинде 43 адам болгон. Алдын ала маалымат караганда, 41 жаштагы айдоочу тайгактан улам унааны башкара албай калган. Бул факты боюнча иликтөө иштери башталды.

Количество просмотров: 32