Алматы акимчилиги феминисттерге 2023-жылдын 8-мартында митинг жана жүрүштөрдү өткөрүүгө уруксат берген жок. Бул тууралуу “Власть” сайты кабарлады.
Феминисттер тобу соцтармактарда жарыялаган билдирүүсүндө активисттер аялдар жүрүшүн 2017-жылдан бери өткөрүп келе жатышканын, жыл сайын тоскоолдуктар болорун белгилешкен.
“Ага карабай катышуучулардын саны көбөйүп, иш-чаранын маанилүү жана актуалдуу экенин далилдеп келет. Бул жолу акимчилик 8-мартта Алматыда митинг өткөрүүгө боло турган төрт жерде тең башка иш-чаралар белгиленгенин шылтоо кылуу менен баш тартты”, — деп айтылат билдирүүдө. Маалыматка караганда, ал иш-чараларды “Ыктыярчылар лигасы” өткөрөт.
Феминисттер акимчиликтин сайтын жана “Ыктыячылар лигасынын” веб-ресурстарын карап чыгып, 8-мартка белгиленген иш-чараларды табышкан эмес.
Былтыр феминисттерге жүрүш боло турган жерде “ремонт иштери” жүрүп жатканына байланыштуу акция өткөрүүгө тыюу салынган.