• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Алматы — Бишкек трассасында ири жол кырсыгынан беш адам каза болду

22 Кулжа 202511:34 Бишкек Govori.TV

Алма-Ата Бишкек трассасындагы чоң жол кырсыгынан беш адам каза болду, деп билдирди Алматы облустук полиция департаменти.

Жол кырсыгы 21-июнда саат 13.00 чамасында жолдун 135-километринде болгон. Кырсыктын кесепетинен 5 адам каза болду, алардын төртөө Mitsubishi Pajero жана бир Toyota Highlander унаасынын жүргүнчүсү болгон.

«Алдын ала маалымат боюнча, Mitsubishi Pajero унаасынын 42 жаштагы айдоочусу каршы тилкеге чыгып, Toyota Highlander менен, андан кийин DAF жүк ташуучу унаанын чиркегичи менен кагышкан. Кырсыктын кесепетинен окуя болгон жерде беш адам каза болду, алар — Mitsubishi Pajero унаасынын төрт жүргүнчүсү жана Toyota Highlander унаасынын бир жүргүнчүсү. Жол кырсыгынын калган катышуучулары ар кандай жаракаттар менен медициналык мекемелерге жеткирилди», — деп айтылат билдирүүдө.

Жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду.

«Учурда бардык керектүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Тергөөнүн жүрүшү жетекчиликтин көзөмөлүндө», — деп Алматы облусунун ИИДден билдиришти.

Количество просмотров: 490