12-июль күнү эртең менен Бишкекте авария болуп, катуу ылдамдыкта келе жаткан жол тандабас унаасы Октябрь аскер комиссариатынын тосмосун сүзгөн. Жол кырсыгы Ибраимов жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде катталган.
Кактус медиа редакциясы күч түзүмдөрүндөгү бир нече булактарга таянып автоунаа Свердлов РИИБинин башчысынын орун басары Замир Эргешовго таандык деп божомолдоп жазган.
Кызматтык унаанын катышуусундагы жол кырсыгы тууралуу маалымат Ички иликтөө кызматына берилди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматта, аталган факт расмий түрдө катталып, учурда ИИМдин Ички иликтөө кызматы тарабынан тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Окуянын бардык жагдайлары такталып жатат.
Кызматтык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү кызматкерлердин аракеттерине укуктук баа берилет.
Ички иштер министрлиги өз ишмердүүлүгүндө ачыктык жана айкындуулук принциптерин карманат, кошумча маалымат кийинчерээк берилет.