• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Алматыда боекторду жана лактарды сактоочу жайдан өрт чыкты (видео)

18 Теке 201911:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.07.2019.Govori.TV.

Бүгүн, 18- июлда Казакстандын Алматы шаарында боекторду жана лактарды сактоочу жайдан өрт чыкты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, Алматы шаарынын Жетысу районундагы Омаров көчөсүндө чыккан өрт боюнча билдирүү болжол менен 07:45 чамасында келип түшкөн. Окуя катталган жерге тик учак жөнөтүлүп, өрттү анын жардамы менен өчүрүүгө аракет кылып жатышканын Казакстандын ӨКМсынын маалымат катчылыгы кабарлаган.
Ал эми учурда өрттүн келип чыгуусу боюнча териштирүү иштери башталганы айтылган.

Количество просмотров: 39