• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Алматыда кыргызстандык кыз көп кабаттуу үйдөн кулап каза болду

28 Кулжа 202411:34 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Алматы шаарында кыргызстандык кыз көп кабаттуу үйдүн кулап кеткен. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 26-июнда саат 06:50лөр чамасында болгон. Кыз көп кабаттүү үйдүн 7-кабатынын терезесинен кулаган. Натыйжада Кыргызстандын жараны ошол жерде каза болгон. Ал Алматы шаарына үстүбүздөгү жылы 21-майда туугандары менен барган.

Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугунун кызматкерлери каза болгон кыздын туугандары менен байланышууда. Бүгүнкү күндө тиешелүү органдардан анын сөөгүн алып кетүүгө уруксат алынды.

Белгиленгендей, учурда «Жүк-200дү» Кыргызстанга жөнөтүү аракеттери көрүлүп жатат.

Количество просмотров: 135