• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Москвада өрттөн каза болгон кыргызстандык эки кичинекей кыздын өлүмү боюнча иши козголду

25 Бугу 2021 17:18 Бишкек Govori.TV

Москвада өрттөн каза болгон эки кыргызстандык кыздын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул тууралуу КРнын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган факт боюнча Россия Федерациясынын Москва облустук Тергөө комитети тарабынан РФ Жазык кодексинин “Этиятсыздыктан улам эки же андан көп адамдын өлүмүнө алып келүү” беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишин козголду.

Москва облустук прокуратурасы кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүн көзөмөлгө алды.

“Кыздардын сөөгүн мекенине алып кетүүнү уюштуруу иштери чечилип жатат. Кыздардын ата-энесине каза болгондорду Кыргызстандын аймагына алып кетүүгө байланыштуу чыгымдарды жабуу боюнча кенемте алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу тиешелүү сунуштамалар берилди”, — деп маалымдашты элчиликтен.

Эскерте кетсек, 2021-жылы 22-майда Россия Федерациясынын Москва облусунун Мытищи шаарындагы көп кабаттуу үйдөн чыккан өрттүн кесепетинен кыргызстандык 2 кыз каза болгону маалымдалган. Каза болгон кыздардын бири 2014-жылы туулган кыз болсо экинчиси 2016-жылкы болгон.

Количество просмотров: 242