• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Орусиялык блогер алып чыккан кыздын абактагы апасына Юстиция министрлиги жардам берет

8 Бештин айы 2021 0:18 Бишкек Govori.TV

Юстиция министрлиги россиялык блогер алып чыккан кыргызстандык кыздын абактагы апасына укуктук жардам берет. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда,  министрлик Айнуранын апасынын  ишин карап жатат.

«Юстиция министрлиги ушул жана башка иштер боюнча көйгөйлүү кырдаалдарга мониторинг жүргүзөт жана мүмкүн болгон юридикалык колдоо көрсөтүү үчүн жардам берет», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Москвада иштеп жүргөн кыргызстандык кыз блогер менен маектешүү учурунда апасы карызга батып, мунун айынан камалып кеткенин айткан. Dava деген каймана аты менен таанымал блогер Давид Манукян анын карызын төлөп, апасын абактан чыгарууга жардам берүүнү убадалаган. Ошондой эле ал Айнуранын кыялын орундатып Дубайга өзүнүн командасы менен кошо эс алууга алып кетти.

Количество просмотров: 2270