• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Алматыда ыктыярчылар өрттөн жабыркагандарга жардам чогулта башташты

14 Кулжа 2023 9:06 Бишкек Govori.TV

Алматыда ыктыярчылар тобу Абай аймагындагы өрттөн жабыркагандарга гуманитардык жардам чогулта баштады. Шаар тургундары узак мөөнөткө сакталган жана гигиеналык буюмдарды алып келишүүдө.

Жардам чогултууга активдүү катышып жаткан “Камкор” ыктыярдуу тобунун өкүлү Айнур Трайсбаеванын айтымында, кечээ башталган акция тез эле күч алды. Ага Алматыдагы бир нече ыктыярдуу топтор колдоо көрсөтүшүүдө.

— Абай облусунда өрттөн жапа чеккендерге көмөк көрсөтүүнү каалагандардын саны артып жаткандыктан, биз Семейдеги ыктыярчылар штабынан керектүү буюмдардын тизмесин алдык. Эми бизге узак мөөнөткө сакталган азыктар жана респираторлор, төшөнчүлөр керек. Авиакомпаниялар менен макулдаштык, алар жардам көрсөтүүгө убада беришти, — дейт Трайсбаева.

Ыктыярчылар чогулган жардамды Семейге жума соңунда жеткирүүгө ниеттенишүүдө.

Абайда токой өртү өткөн аптадан бери уланууда. Өрттү өчүрүү учурунда 15 киши каза болду.

Количество просмотров: 48