• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Алмазбек Асанбаев тышкы иштер министринин кеңешчиси болуп дайындалды

5 Бештин айы 2018 10:58 Бишкек Govori.TV
Бишкек.05.11.2018.Govori.TV.
Алмазбек Асанбаев тышкы иштер министринин кеңешчиси болуп дайындалды. Аталган мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, Асанбаев чет өлкөлөрдөгү кыргызстандыктарга колдоо көрсөтүү боюнча координациялуу иш жүргүзүү жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты илгерилетүүгө көмөктөшөт.
Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков “Чет өлкөдөгү мекендештер менен байланыштар боюнча кеңеш жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Кеңеш чет жакта иштеген мигранттардын маселелерин чечип, колдоо көрсөтүү, Кыргызстандагы ар кандай экономикалык долбоорлорго мекендештердин инвестиция салышына көмөктөшүү жана башка багыттарда иш алып барат. Ал милдетти жүзөгө ашыруу, координациялоо Тышкы иштер министрлигине жүктөлгөн жана бул органды президенттин аппараты көзөмөлдөйт.
Алмазбек Асанабев буга чейин Миграция кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштеп келген. Ал быйыл жайында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен кызматтан бошотулган
Количество просмотров: 24