• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы билдирүү таратты

20 Бештин айы 2019 10:50 Бишкек Govori.TV

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы, УКМКнын 9-кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаевдин ачык билдирүүсүн КСДП партиясы таратты.

Анда, Канат Сагымбаев 7-8-августта болгон Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын корутундусунда камтылган чечимдерге макул эместигин билдирет.

«Жогорку Кеңештин депутаты М.Ю. Абдылдаевдин: «Сагымбаев өз милдетин аткардыбы? Ага эскертилдиби беле?» деген суроосуна УКМКнын төрагасы баш болуп беттери кызарбай туруп: «Милдетин аткарган жок, ага алдын ала эскертилген болчу», — деп карандай калпты айтып жооп беришти. Ошол күнү бул жетекчилер «Альфа» атайын бөлүгүнүн кызматкерлерине «экс-президентти кармап алып келгиле» деп буйрук берсе, мага «кайтар» деп буйрук берген. «Алфачылар» коюлган тапшырманы аткара алышкан жок. Мен өз милдетимди так аткарып, кайтарылуучу объектинин бир тал чачын түшүрбөй өткөрүп бердим. Мен короого кирип келген «Алфанын» кызматкерлерине каршылык көрсөткөн жокмун, болгону экс-президенттин коопсуздугун камсыз кылдым. Экс-президенттин үйүнө чабуул болоорун мага эч ким алдын ала эскерткен эмес! Аны күч менен кармоого ноябрь айында Конституциялык палатанын чечими чыккан соң барышат ко деп ойлочумун. Өзүмдүн жоопкерчилигимди сезип, окуя болоордон эки-үч күн мурун 9-кызматтын жетекчиси Шабданбековго барып, эгерде экс-президентти күч менен кармай турган болуп калса, менин милдетим жана жоопкерчилигим кандай болоорун сураганмын. Ал мага: «четке чыгып турасың го» деди. Мен кайра сурадым «эгерде эскертүүсүз, күтүүсүз келсечи, мен алардын ким экенин кайдан билем?» — десем, «байкайсың да» деди. Анда мен: «макул, четке чыгып турайын, кокус ошол убакта экс-президент Атамбаев Алмаз Шаршеновичке бир нерсе болсо, ким жооп берет, ал кишинин коопсуздугу үчүн биринчи кезекте мен жооптуумун да, ар кандай жагдай болуп кетиши мүмкүн эмеспи? Эгерде андай буйрук бере турган болсонуз, анда мени азыр эле токтоосуз чакыртып алыңыз дедим. Болбосо, мага «эгерде күч менен кармайбыз деп келип калышса, каршылык көргөзбөй четке чыгып тур, экс-президенттин коопсуздугун өз мойнума алам деп кагаз түрүндө расмий буйрук чыгарып бериңиз» десем, Шабданбеков көнгөн жок, өзүн жоопкерчиликтен оолактатып: «Канат сен бара бер, мен баарын жогору жак менен такташып туруп, сага кабарлап коём», — деди да, ошол бойдон жооп берген да, байланышкан да жок», — дейт Сагымбаев.

Сагымбаевдин айтымында, атайын бөлүктүн экс-президент Алмазбек Атамбаевди эч кимди жабыркатпай, тынч кармап кеткенге мүмкүнчүлүгү бар болчу. Сагымбаев Кой-таш окуясында каза болгон «Альфа» атайын кызматынын командиринин орун басарынын өлүмү тууралуу дагы өз пикирин айтты.

«Менде экспертизанын Кой-таш окуясында каза болгон «Альфа» атайын кызматынын командиринин орун басары СВД үлгүсүндөгү куралдын 7.62 огунан курман болду деп чыгарган жыйынтыгына чоң күмөн саноо бар. Ошондуктан өзүмдүн мыйзамдуу укугумдан пайдаланып, аталган экспертизага мени катыштыргыла деп суранган элем. Тилекке каршы, катыштырышкан жок. Бирок баса белгилеп кетейин: мыйзам боюнча экспертизага катышууга толук укугум бар болчу.
Эми менде экспертиза, дегеле жоокер жаракат алган кырдаал боюнча төмөндөгүдөй суроолор бар:
1. Эмне үчүн ок жеп, оор жаракат алган Усенбек Ниязбеков хирургияга эмес, травматологияга жеткирилген?
Себеби, бийликтин ал жердеги ишенимдүү адамынын колу менен жагдайга жараша, керектүү бүтүм чыгартып алууга, документтерди тууралаганга ыңгайлуу болгон. Ошондуктан бул күмөн саноону ойготот.

2. Экспертизада айтылган курал үйдүн 3-чү кабатында болгон, сыртка же башка жакка чыгарылган эмес. Эмне үчүн 3-кабаттан 2-кабатка чейин бир да тамчы кандын изи жок? 7.62 ЛПС огунан жаракат алган адамдын каны кыйла төгүлмөк.
3. Буга чейин жогорудагы адамды 5.45 АК – 74 үлгүсүндөгү куралдан жарадар болгон деп өзүңөр билдирүү тараткан элеңер, эми таптакыр башкача айтып жатасыңар, эмне үчүн?

4. Экспертизада атайын бөлүктүн жоокери кайсы убакытта, саат канчада алганы да көрсөтүлгөн эмес.

5. Ал эл келгенге чейин жарадар болгонбу же эл келгенден кийин болдубу? Эл келгиче алса, ал ооруканага үйдүн кайсы жагынан алып чыгып кетилген? Менин билишимче, эл келгенче оор жаракат алган адам үйдөн чыгарылган эмес. Муну да тастыктаган далилдер жок», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 23821