• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Алмазбек Бейшеналиев 2 айга камалды

30 Аяк оона 2022 22:11 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 30-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда пара алууга шектелип кармалган Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин баш коргоо чарасы каралып, эки айга, 28-ноябрга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Журналисттердин суроосуна жооп берген Бейшеналиев күнөөлүү эмес экенин айтты.

Анын айтымында, берилген акча пара эмес.

«Атайы бизнес долбоор бар болчу. Ошого инвестиция кылына турган акча болчу. Мен күнөөлүү эмесмин, баары жакында аныкталат»,-деди Бейшеналиев.

Ошондой эле Бейшеналиев «индиялык Поту Фани Бхушан деген жаранды тааныйсызбы» деген суроого «тааныйм» деп жооп берди.

Ал эми сот имаратынын алдына министрдин тарапташтары чогулуп, аны бошотууну талап кылышты.

Кошумчалай кетсек, Бейшеналиев чет өлкөлүк студенттерди ата мекендик жогорку окуу жайларына киргизүү үчүн 110 миң доллар пара алуу фактысы менен кармалганын милиция 28-сентябрда кабарлаган. Ал эки суткага Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалган.

Количество просмотров: 270