Пара алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Алмазбек Бейшеналиев чет элдик студенттерди ата мекендик ЖОЖдорго тапшырууда өзгөчө ири өлчөмдө (110 миң доллар) пара талап кылуу фактысы боюнча кармалган.