• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Алмазбек Эргешов ЖКнын депутаты: “Суук чыкканга чейин шаардагы элдин электр жарыгын өчүрбөгүлө!…”

31 Үчтүн айы 2018 17:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 31.01.  2018. Govori.TV

“Суук чыкканга чейин шаардагы элдин электр жарыгын өчүрбөгүлө. Себеби, бизге жарандар кайрылып жатышат, суукка карабай анча-мынча карызы үчүн электр энергиясын өчүрүү жүрүп жатыптыр”. Бул сөздү “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Алмазбек Эргешов парламенттеги ТЭЦтин авариялык абалы тууралуу Өкмөттүк саатта айтты.

Анын айтымында,  Өкмөт борбор шаардагы ТЭЦтин авариясынан улам пайда болгон зыяндарды жакшылап карап чыгып, компенсация маселесин  элдин кызыкчылыгында чечиши керек. Анткени, айрым тургундардын жылытуу батареялары иштен чыккан, айрым үйлөрдө канализация түтүктөрү жарылган.  Ошондой эле жылуулуктун жоктугунан электр менен жылынган жарандардын төлөмдөрүндө да жеңилдиктер каралышы керек.

Эске сала кетсек, ушу тапта прламент ТЭЦтеги авария боюнча, Өкмөттүн маалыматын угууда…

 

Количество просмотров: 7