• Ишенби 6 Кулжа 2026
  • Суббота 6 Июнь 2026

Президенттин мурдагы кеңешчиси Кубандыков үй камагына чыкты

6 Кулжа 202615:12 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Ленин райондук соту президенттин мурдагы кеңешчиси Жаныбек Кубандыковдун бөгөт чарасын 6-июнда кайрадан карап, аны үй камагына чыгарды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Ал 17-июлга чейин камакка алган болчу.

Эске салсак, УКМК Кубандыков кармалганын 21-майда билдирген.

Атайын кызматтын маалыматында, ал жана дагы бир адам (А.К.Т.) чет өлкөлүк инвесторлорду алдап, өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген деп шек саналууда.

Количество просмотров: 36