Чүйдүн Ала-Арча капчыгайынын башындагы мөңгүлөрдүн биринде чет элдик альпинисттин абалы оор. Ал учурда Бишкектеги жеке бейтапканалардын биринде экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, кырсык тууралуу куткаруу кызматына 20-апрелде түнкү саат 11де кабар түшкөн. Альпинист Швециянын жараны жана 32 жашта экени кабарланды.