• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Кыйын: Кыргыздын нукура баалуулуктарын жаштарга сиңире алабызбы?

23 Теке 202418:11 Бишкек Govori.TV

«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында тренинг уюштуруп, өлкөнүн булуң-бурчунан жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер жана жеке ишкерлер келди.

Бул окутуучу иш-чаранын башкы максаты Кыргызстанда аялдардын саясий-лидерлик сапаттарын өстүрүү жана эксперттик көз караштарын калыптандыруу болуп саналат.

Аймактардан келген айымдар “Кыйын” ток-шоусуна катышып, көйгөйлүү маселелерди көтөрүштү. Бүгүнкү эфирде «Кыргыздын нукура баалуулуктарын жаштарга сиңире алабызбы?» деген тема талкууланат.

Катышуучулар:

  • Гулжамал Джолдошева — №57 «Саты» жалпы билим берүүчү орто мектебинин мугалими;
  • Мастура Бакирова — М.Куренкеев атындагы №11 орто мектебинин директору;
  • Гулниза Халиалдаева — №2 «Келечек» бала бакчасынын директору.

Модератор Замира Кожобаева.

Количество просмотров: 1401