«Бишкекгаз» газ кызматы маалымдагандай, орто жана төмөн басымдагы газ өткөргүчтөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу төмөнкү көчөлөр менен чектелген райондордо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт:
29-31-июль күндөрү — КЧК, Аламүдүн дарыясы, Элебесов көчөсү, Коллективная көчөсү, Киргизия көчөсү, Бельский көчөсү, айланма жол, Красный строитель конушу, Төмөнкү Ала-Арча аайылы, Керамический конушу, Ак-Тилек конушу, Ак-Тилек 2 конушу, «Сантех Заготовок» заводу, Шаардык кургак учукка каршы ооруканасы;
29-31-июль күндөрү — Буденный көчөсү, Шабдан Баатыр көчөсү, Курманжан Датка көчөсү, Салиева көчөсү;
30-июлдан 1-августка чейин — Фрунзе көчөсү, Достоевский көчөсү, Шабдан Баатыр көчөсү, Лермонтов көчөсү.
«Бишкекгаз» газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернат ивдүү булактарын колдонууну сунуштайт.