Бүгүн, Париж шаарында XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарына Кыргызстандын атынан биринчи болуп сууда сүзүү боюнча Денис Петрашов чыгат. Ал 100 метр аралыкка брасс ыкмасы менен сүзөт. Париждеги Олимп оюндарында 27-июль күнү 14 медаль топтому ойнотулат. Бул аралыкка сүзүүгө жалпысынан 36 спортчу катышат, алар 5 топко бөлүнөт.
Алдын ала жарыштан кийин жарым финалга күчтүү 16 суучул суурулуп чыгат.
Белгилей кетсек, жайкы Олимпиада оюндары Парижде 26-июлдан 11-августка чейин, ал эми Паралимпиадалык оюндар 28-августтан 8-сентябрга чейин өтөт.