• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Алтын-Арашан коктусундагы өрт өчүрүлдү

22 Баш оона 2023 13:28 Бишкек Govori.TV

Бүгүн эртең менен Алтын-Арашан коктусунун Сары-Төр тилкесинде токойдон чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Тилсиз жоону өчүрүү иштерине жалпысынан 12 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 24 киши, токой чарбасынан 27 токойчу тартылды.

Эске салсак, 21-августта саат 9:48де Ак-Суу районунун Теплоключенка айыл аймагына караштуу Алтын-Арашан коктусунда өрт чыкты деген маалымат түшкөн, саат 14:30да өрт чектөөгө алынып, токойчулардан турган атайы топ көзөмөлдөө максатында түнү менен нөөмөттө турган.


Количество просмотров: 61