23-ноябрь түнү Кызыл-Кыя шаарында топтошкон өспүрүмдөр башка төрт баланы эч себепсиз сабаган видео социалдык тармактарга тараган. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.
Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө бул окуяга катышкандар аныкталып, балдарга кол көтөргөн Кызыл-Кыя шаарынын 12 тургуну (жашы жете элек) такталып, тергөө иштери башталды.
Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин (бейбаштык) негизинде сотко чейинки тергөө иштери башталып, денесинен жараат алган балдардын ата-энелеринен арыздар алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Кармалган балдар ата-энелеринин катышуусунда суракка алынып, ыкчам иликтөө иштери уланып жатканы да айтылды.