• Шейшемби 21 Бугу 2024
  • Вторник 21 Май 2024

Алтын куймаларынын бүгүнкү күнгө карата баасы канча?

1 Жалган куран 2022 11:13 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Улуттук банктан алтын сатып алууга чакырды.

«Каражатты алтынга салуу мүмкүнчүлүгүнө көңүл буруу абдан маанилүү. Биз алтын куймаларын каалаган санда сатып алууну өзгөчө жеңилдеттик. Ар бир валютанын куну качат. Биздин алтындын гана баасы өсөт. Ошол үчүн акчасы бар жарандарыбыз Улуттук банктан алтын сатып алыңыздар. 1 граммдан баштап, 13 килограммга чейинки алтын куймаларын каалаган көлөмдө сатып алсаңыздар болот, чек жок. Башка өлкөлөргө алып чыгып кетүүгө да чек жок. Эч кандай төлөмдөр да жок, ушундай шарт түзүп койдук. Капиталыңарды кагаз акча менен сактагандан көрө алтын менен сактаңыздар. Ошол эле Улуттук банк сактап берет же ар ким кайда сактаса өзү билет. Алтын эч качан кунун жоготпойт», — деген Жапаров.

Президенттин айтуусунда, алтын сатып алган жарандар кайсы убакыт болбосун Улуттук банкка сатып ийсе болот.

Ал эми Улуттук банктагы алтындын баасы бүгүнкү күнгө карата канча болуп жатканыны төмөндөн көрө аласыз:

Количество просмотров: 869