• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Алтынай Өмүрбекова: Үй-бүлөдө зомбулук көрсөткөн адамдар жоопкерчиликке тартылат

16 Үчтүн айы 2020 21:47 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Аялдар иштери жана гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынын өткөрдү.

«Жыл башында үй-бүлөдөгү зомбулуктун кесепетинен ырайымсыздык менен эки аял өлтүрүлүп, жарандык никедеги жубайын өрттөгөн учур катталды. Үй-бүлөдөгү зомбулук – бул жабырлануучу маселесин өз алдынча жеңип чыга албай калган кырдаал. Бул жерде үй-бүлөнүн эң аярлуу мүчөсү — аялдар, балдар, кары-картаңдар жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер жабыр тартып жаткандыктан, мамлекеттик институттардын жана коомдун кийгилишүүсү зарыл», — деди Алтынай Өмүрбекова.

Вице-премьер-министр кырдаалдан чыгуунун жолун биргеликте издөө, учурдагы абал, мыйзамдардын өзүндө маселе болсо аны талдоо, алдын алуу боюнча чараларды сунуш кылууну сүйлөшүү үчүн жыйынга эл аралык өнөктөштөр, гендердик маселелер боюнча эксперттер, Үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу боюнча комитеттин жана кризисттик борборлордун өкүлдөрү чакырылганын белгиледи.​ ​

Анын айтымында, «Үй-бүлөдөгү зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» Мыйзамды жүзөго ашыруу максатында 2019-жылдын август айында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Үй-бүлөдөгү зомбулуктан сактоо жана коргоону ишке ашырган мамлекеттик органдардын өз ара кызматташуусунун тартибин, Үй-бүлөдөгү зомбулуктан жабыр тарткандарга жардам берүүнүн тартиби, ошондой эле Үй-бүлөсүнө зомбулук жасагандардын зордукчул жүрүм-турумун өзгөртүү боюнча типтүү коррекциялык программалары бекитилген.

«Бирок мунун баары айтылган маселелерди чечүүдө оңдуу жылышка анча чоң салым кошо албайт. Милициянын маалыматы боюнча, 2019-жылы үй-бүлөдөгү зомбулуктун кесепетинен улам 7045 укук бузуу фактысы катталып, кайтарууга 6145 ордери берилген, кылмыш иштин болгону 649у сотко жөнөтүлгөн. Маселенин маанилүүлүгүн эске алып, прокуратура органдарын үй-бүлөгү болгон ар бир зомбулук фактысын өзгөчө көзөмөлгө алууга, мыйзамдын аткарылышын катуу көзөмөл жүргүзүүгө, Ички иштер министрлигинин жетекчилигин жеке курам менен жооп кайтаруу, тергөө баскычындагыдай эле үй-бүлөдөгү зомбулукка өзгөчө мамиле керектиги тууралуу тиешелүү иштерди жүргүзүүгө чакырам», — деди Алтынай Өмүрбекова.

Вице-премьер-министр билдиргендей, Бишкек жана Ош шаарларында жакын арада эки мамлекеттик кризистик борбор ачылат.

«Мындан тышкары бардык шаарларда жана айыл өкмөттөрдө Үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу боюнча комитеттер – туруктуу иштей турган коллегиялык орган негизделет. Ал коомдук башталыштарда мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийлик органдарынын, диний, өкмөттүк эмес уюмдардын жана башка жергиликтүү коомчулуктардын активдүү мүчөлөрүнөн үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу боюнча өз ара иштешүү жана координациялоо үчүн түзүлөт. Каржылоо көлөмүн көбөйтүү мүмкүндүгү менен зордук-зомбулуктун курмандыктары менен иштөө боюнча мамлекеттик социалдык буйрутма жайгаштыруу иштери улантылат. Буга чейин эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосунда түзүлгөн Үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу боюнча комитеттердин мисалы өз натыйжасын көрсөттү», — деди ал.

Кыргыз Республикасындагы БУУӨП системасынын өкүлү Европа бирлигинин, БУУнун жана башка эл аралык өнөктөштөрдүн 2020-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасында гендердик зомбулуктун тамырын кыркуу боюнча «Спотлайт» глобалдык демилгесин ишке ашыруу тууралуу айтып берди.

Жыйындын катышуучулары үй-бүлөдө зордук-зомбулук көрсөтүүнүн алдын алуу, үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана алдын алуу менен алектенген мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын кайра кароо жана күчөтүү, мындай учурларды болтурбоо боюнча атайын чараларды киргизүү иштерин жүргүзүү ыкмаларын өзгөртүү зарылдыгын белгилешти.

Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, жүрүм-турум ченемдерин өзгөртүү, жоопкерчилик чараларын күчөтүү, укуктук билим, сабаттуулукту арттыруу, аялдардын экономикалык мүмкүндүктөрүн кеңейтүү, кеңири маалыматтык-агартуучулук ишмердүүлүк аркылуу зомбулуктун бардык түрлөрүнүн алдын алуу боюнча комплекстүү иштерди жүргүзүү керек.

Белгилей кетсек, жыйын учурунда үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү маселелери боюнча тиешелүү мамлекеттик органдардын отчеттору каралды. Катышуучуларга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Аялдар иштери жана гендердик өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин катчылыгы түзүлгөнү тууралуу маалымдалды.

Количество просмотров: 101