• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Алтынбек Торутаев Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды

19 Аяк оона 2018 8:48 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 19.09.2018. Govori.TV
Алтынбек Торутаев кайрадан Бажы кызматынын төрагасынын орун басары  кызматына келди. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Торутаев буга чейин да аталган кызматта иштеп, 2017-жылдын декабрында ошол учурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун буйругунун негизинде кызматтан алынган.
Өмүр баяны:
Торутаев Алтынбек Элимович 1977-жылдын 26-июлунда туулган.
Экономикалык жогорку билимге ээ.
2000-2007-жылдары бир нече министрликтерде экономика тармагында иштеген.
2007-2010-жылдары — Бажы комитетинин бажы төлөмдөрү башкармалыгынын ага инспектору;
2010-2011-жылдары Бажы кызматынын бажы төлөмдөрү башкармалыгынын башкы инспектору;
2011-2014-жылдары — Бажы кызматынын статистика, анализ жана божомолдоо башкармалыгынын жеткечисинин орун басары;
2014-2015-жылдары — Түштүк-Чыгыш бажысында жетекчинин орун басары;
2015-2016-жылдары — «Ош» бажысынын башчысы;
2016-2017-жылдары Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп эмгектенген.
Количество просмотров: 26