• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Алтынбек Жунус уулу бажы төлөмү кыскарганын сынга алды

28 Жетинин айы 2019 11:33 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Жунус уулу Мамлекеттик бажы кызматынын 2019-жылдагы бюджети көбөйтүлгөнүн белгилеп, жыл аяктагандагы көрсөткүчтөрдү алганда ал аракет жемишин бербегенин сынга алды.

2018-жылы 2019-жылдын бюджетин карап жатканда 500 млн сомго ушулардын чыгымын көбөйткөндөн кийин эффект да болушу керек эле да. Өкмөткө ишенип бергендин жыйынтыгын көрүп атасыздар. Аткезчилик-аткезчилик деп айтабыз, Таластан, Чалдовардан өтө көп аткезчилик болуп жатат. Чек ара кызматына эле ишенип олтура бербей башка кызматтарды коюп көрсөңүздөр.

Эл өкүлүнө жооп берген Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы Алтынбек Торутаев 2019-жылдын он айында 4,5 миллиард сомго чейин планга жетпей калганын, анын себеби импорт азайып кеткени болгонун айтты. Пландык көрсөткүч өзү канча болгонун ал тактаган жок.

Парламентте азыр “Республикалык бюджеттин 2018-жыл үчүн аткарылышы жөнүндө отчётту бекитүү тууралуу” мыйзам долбоору, “2019-жылга республикалык бюджет жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору, “2020-жылга республикалык бюджет жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатат. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышууда.

Количество просмотров: 47