• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Экс-депутат Алтынбек Жунус уулу камактан чыкты

2 Аяк оона 202517:04 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук комитети тарабынан кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары Алтынбек Жунус уулу камактан чыкты. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан тастыкташты.

Белгиленгендей, 2025-жылдын 18-августунда Ленин районунун тергөө судьясы УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын өзгөчө маанилүү иштери боюнча улук тергөөчүнүн өтүнүчүн канааттандырып, Ж. уулу А.нын баш коргоо чарасы эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат менен алмаштырылган.

Эске салсак, УКМК Жогорку Кеңештин мурдагы эки депутаты – Алтынбек Жунус уулу менен Муратбек Малабаев Нарындагы көмүр кенин мыйзамсыз басып алууга шек саналып кармалганын маалымдаган.

«Текшерүүнүн жүрүшүндө арыз ээсинин жүйөлөрү тастыкталып, кылмыш ишин козгоого негиз болду. Анда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаттары А.Ж. уулу менен М.М. коркутуу, дагы башка мыйзамсыз ыкмаларды колдонуп, акча төлөбөстөн аталган көмүр кенин иштетип жаткан компаниянын акцияларынын контролдук пакетин берүүгө мажбурлашкан. Кылмышка шектүүлөр 31-июлда камалды жана аларга мыйзамда белгиленген мөөнөттө айып тагылат, сотто тергөө бүткүчө абакта калтыруу бөгөт чарасы тандалды»-деп жазылган маалыматта.

Количество просмотров: 73