• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

«Альянс Алтын» коронавирус менен күрөшүүгө өз салымын кошту

27 Жалган куран 2020 19:25 Бишкек Govori.TV

«Жерүй» алтын кенин иштетип жаткан «Альянс Алтын» ЖЧКсынын акционерлери коронавируска каршы күрөшүү иш-чаралары үчүн кайтарымсыз акча каражаттарын бөлдү. Бул тууралуу «Альянс Алтын» компаниясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Данияр Жаныкулов билдирди.

Анын айтымында, «Жерүй» кенин иштетип жаткан инвесторлор тарабынан Талас облусуна 16 миллион сомдук жардам көрсөтүү чечими кабыл алынган.

«Жалпы каражаттын 10 миллион сомун инверторлор, ал эми 6 миллионун «Бакубат Талас» фонду берип жатат. Фонд бөлүп жаткан 1 миллион сомго Канададан вирусту 20 мүнөттүн ичинде аныктай турган тесттер алынууда, 3 күндөн 15 күнгө чейинки аралыкта жеткирип беребиз деген кепилдик алдык, акча которулуп, учурда тесттерди күтүп жатабыз. Андан сырткары 10 миллион сомдун ичинде медициналык каражаттар, жабдуулар, дары-дармектер бар. Ал эми анын ичиндеги биринчи бөлүк 3 күн мурун Таласка келип түшкөн. Анда резина өтүктөр, санитардык каражаттар, кол каптар, бет каптар, дарыгерлер үчүн коргонуучу костюмдар жана башка керектелген каражаттар бар. Ал эми бүгүн 3,5 тонна хлор алып келип, Талас обулусунун өзгөчө кырдаарлар башкармалыгына бердик. Ал жерден ар бир районго 500 килограммдан бөлүп берилди, муну менен катар дарыканаларга, ооруканалара, обсервация болуп жаткан имараттардын баарына дезинфекциялоо үчүн бөлүнүп берилди», — деп билдирди Жаныкулов.

Ал кошумчалагандай, аз камсыз болгон үй бүлөлөргө, жалгыз бой карыларга, майыптыгы бар жарандарга жардам катары ун, күрүч таратылып, үйлөрүнө жеткирилген.

«277 кап ун жана 277 кап күрүч бүгүн райондорго таркатылды. Азыр аларды компаниянын өкүлдөрү, райондук администрациянын өкүлдөрү, айыл өкмөттөгү соц.кызматкерлер болуп үйлөрүнө чейин жеткирип беришти», — дейт ал.

Айта кетсек, «Альянс Алтын» компаниянын акционерлери болуп Муса Бажаев жана Алиджан Ибрагимов эсептелинет.

Количество просмотров: 327